Бишкекте жол кырсыгынан өзбекстандык 2 аял жабыркады

13:51, 22 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарындагы Тынчтык проспектиси менен Славянск көчөсүнүн кесилишиндеги жол кырсыктан өзбекстандык 2 аял жабыркады. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, «Лексус 470» үлгүсүндөгү унаа эки аялды койдуруп кеткен. Жабырлануучулардын бири 35 жашта, экинчиси 56 жашта.

Алар ооруканага жаткырылды.