22:11
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Тартип сакчылары адам өлүмүнө шектүү делген 52 жаштагы жаранды кармашты

Тартип сакчылары адам өлүмүнө шектүү делген 52 жаштагы жаранды кармашты. Бул тууралуу Чүй ОИИБдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Люксембург айылынын тургуну ушул жылы 43 жаштагы бир тууганы жоголуп кеткенин айтып милицияга арызданган. Бир тууганы өткөн жылдын декабрь айында Милянфан айылындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

Алдын ала алынган маалыматка караганда, 27-декабрь күнү шектүү менен изделип жаткан киши спирт ичимдиктерин ичип отуруп, ортолорунда чыр чыккан. Жыйынтыгында шектүү досун өлтүрүп салган. Ал сөөктү үйдүн короосундагы шкафка катып койгон.

Эң көп окулган жаңылыктар