15:23
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Дайынсыз жоголгон 13 жаштагы Анаркүл Жоошбаева изделүүдө

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн РИИБсы дайынсыз жоголгон 13 жаштагы Анаркүл Жоошбаеваны издейт. Бул тууралуу ОИИБдан билдиришти. 

Маалыматка караганда, өспүрүм Таш-Төбө айылындагы мектеп-интернаттан чыгып кетип ошол бойдон кайрылып келген эмес.

Жоголгон кыздын өзгөчө белгилери: бою 150-155 сантиметр, орточо дене түзүлүштө, көзү күрөң түстө, чачы кара, тармал. Кара түстөгү куртка, кара шым, кара өтүк кийип, сары сумка көтөрүп жүргөн.

Көргөн билгендер болсо 0312363527, 0312363523, 0552220692, 0704312505, 0550343363 же 102 номурларына чалып билдирсе болот.

Эң көп окулган жаңылыктар