Ошто студент бала асынып алды

17:55, 21 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Шагым айылынын 18 жаштагы тургуну асынып алган. Бул тууралуу ОИИБдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Өзгөн райондук нөөмөт бөлүмүнө асынып алган жаран тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам топ жөнөтүлгөн.

Иликтөө маалында каза болгон бала Оштогу № 16 кесиптик лицейдин студенти экендиги аныкталган. Учурда кырсыктын чоо-жайы иликтенүүдө.