04:33
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бишкекте түрк лицейинин директору окуучуларга ыдык көрсөткөн деп айыпталууда

Бишкектеги Жал кичи районунда жайгашкан түрк лицейинин окуучуларынын ата-энелери арыз менен кайрылышты. Бул тууралуу депутат Ирина Карамушкина Жогорку Кеңештин отурумунда айтты.

Анын билдиргени боюнча, аталган мектеп 20 жылдан бери лицензиясы жок иштеп келет. Айтымында, мектептин директору Амир Айдынды кимдир бирөөлөр калкалап жүрөт.

«Ата-энелер Билим берүү министрлигине арызданып кайрылышкан, бирок министрликтин ошондой мектеп бар экендигинен кабары да жок», -деди депутат.

Ирина Карамушкинанын айтымында, ата-энелерди тынчсыздандырган нерсе директордун кылыктары. Амир Айдын балдарды жана ата-энелерди сөгүп, эч кимге арызданбай тургандай кылып коркутуп алган.

«Мугалимдер элчиликке кайрылышкандан да коркушкан. Балдар акыркы убакта мектепке баргысы келбегенин ата-энелер айтып жатышат. Балдардын бири психолог менен сүйлөшүп жатып, директор өз бөлмөсүнө балдардын баарын алып кирип өзүнүн жана алардын шымын шыпырганын айткан. Ошондой эле директор окуучуларды жаратылыш койнуна эс алдырганы алып барып, аларга ыдык көрсөткөн», -деди ал.

Окуучу бала бул маалыматты айткандан кийин директор аны мектептен чыгарып салган. «Баланын энеси Ленин РИИБнын кызматкерлери менен биргеликте мектепке келишкен, бирок аларды ичкери киргизбей коюшкан. Кийин гана милиция мектептин Кыргызстандын аймагында жайгашкандыгын айтып киришкени маалым болду. Аталган мектепте аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары билим алат. Мындан улам, директор өзүн орой алып жүргөн. Ал тургай балдардын ата-энелерине Кыргызстандын жарандыгынан чыгууга үндөгөн. Директордун пикиринде, окуучулар 8-жылдык окуудан кийин Түркияга барып ал жакта аскердик милдет өтөшмөкчү экен», -деп кошумчалады депутат.

Учурда ата-энелер УКМКга арыз менен кайрылышты.

Эң көп окулган жаңылыктар