15:54
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кыргызстанда ар бир үчүнчү үй-бүлөдө зомбулук бар

Кыргызстанда ар бир үчүнчү үй-бүлөдө зомбулук бар. Бул тууралуу тегерек столдо депутат Аида Касымалиева билдирди.

Айтымында, иликтөөгө ылайык, балдардын 72 пайызы зомбулуктун бир формасына тушукканын айтышкан. 50 пайызы үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан шылдыңга кабылганын, 39 пайызы психикалык жактан зомбулукка кабылганын, 37 пайызы физикалык жактан күч колдонулганын жана 1,6 пайызы сексуалдык зомбулукка тушукканын айтышкан.

«Адистердин айтымында, балдарга карата жасалган зомбулуктун себеби бул жакырчылык. Бүгүнкү күндө мамлекет коопсуздукка кепилдик бере албайт, анткени иштеп турган механизм жок», -деди депутат.

Эң көп окулган жаңылыктар