Жыл жаңырганда кырк жылкылуу болгон атактуулар

11:17, 21 февраля 2019, Бишкек - 24.kg , Элеонора КЫДЫРОВА

Жыл жаңырганда белгилүү алып баруучу Нурзат Токтосунова менен жолдошу Максат Надырбековдун үйүндө наристе үнү жаңырды. Жубайлар кыздуу болушту.

Фото Интернеттен алынды

Нурзат Токтосунова ай-күнүнө жетпей төрөгөнүн анын күйөөсү Максат Надырбеков инстаграм баракчасында сүйүнчүлөгөн. Алып баруучу Алма-Ата шаарында көз жарган.

«Кыздуу болдум, батаңарды берип койгулачы», — деп жазган Максат Надырбеков.

Нурзат Токтосунова менен Максат Надырбеков 2015-жылы баш кошушкан. «Аллага миң мертебе шүгүр, кызыбыз өмүрлүү, бактылуу болсун, чоң атасы Акбермет деген ысым ыйгарды, берметтей аруу болсун! Түбөлүгү түз, дөөлөтүү, май көтөн болуп артынан көп ини-сиңди алып келген кыз болсун! Кудайым берсе удаа удаа төрөп, үйдөн чыкпай калайын, көптөн күткөн ырысыбыз жатат жанымда кыбырап. Ар бир аялга бакыт каалайм», -деп жазган алып баруучу.

Фото Интернеттен алынды

Буга улай эле ырчы Омар дагы кырк жылкылуу болду. Жубайы Диана 13-февралда көз жарган.

«Өзгөчө сүйүктүү жарыма ыраазымын. Ыймандуу болуп чоңой кызым», — деп жазган ырчы.

Фото Интернеттен алынды

Маалыматтарга караганда, наристенин салмагы , бою болуп төрөлгөн. Бала жытына мас болуп турган үй-бүлө наристеге Арууке деген ысым ыйгарышкан.

«90-60- менин фигурам деген ыры менен тааныма ырчы Кундуз Канатбек кызы дагы бала жытын жыттады. Ал кыздуу болгонун социалдык тармактагы баракчасына жазган. Анын маалыматына караганда, наристенин салмагы , бою болуп төрөлгөн.

Интернеттен алынды
Интернеттен алынды

«Азырынча кызыбызга ысым ыйгара элекпиз», — дейт ырчы.

Ушул жылы наристе күтүп жаткандардын катарында рэп ырчысы Баястан менен жубайы бийчи Зулфия, ырчы түгөйлөр Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова дагы бар. 

Фото Интернеттен алынды

Мындан тышкары ырчылар Айпери Кубик кызы, Бактыгүл Бадыева дагы бала күтүп жатышат.

Фото Интернеттен алынды

Эмгек сиңирген артист Кайрат Пиримбердиевдин жубайы Эльвира Пиримбердиева дагы кош бойлуу деген маалымат бар.