20:10
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Бишкекте изделип жаткан 16 жаштагы Алтынай Болот кызы табылды

Бишкекте изделип жаткан 16 жаштагы Алтынай Болот кызы табылды. Бул тууралуу Super.kg сайты кыздын апасына шилтеме берип жазды.

Маалыматка караганда, кыз Жал кичи районунан табылган.

«Кызымды өзүнөн улуу үч кыз унаага салып алып кетишкен экен. Бирок эмне себептен экенин азыр тактап сурай элекмин. Болгону табылганына сүйүнүп жатам», —деген апасы.

Буга чейин окуучу кыз кечээ, 19-февралда сабактан чыккандан бери дайынсыз болуп жатканы кабарланган.

Эң көп окулган жаңылыктар