Бишкекте көп кабаттуу үйдөн секирип кеткен кыздын видеосу тартылып калган

09:15, 21 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте көп кабаттуу үйдөн секирип кеткен кыздын  видеосу тартылып калган. Анда өспүрүмдүн терезеге чыгып секирип кеткенин даана көрүүгө болот.

Үйдүн жанында милиция кызды кармап калып, тез жардам чакырышкан. 

ИИМден билдиришкендей, кыз секирген батирдин эшиги ичинен жабык болгон. Жабырлануучу кишилердин секирбе деген кебин угуп да койгон эмес. Төмөндө күтүп турган тартип сакчылары кызды килем менен тосуп алышкан.

Учурда окуянын чоо жайы иликтенүүдө. Ушул жылдын май айында кыз 18 жашка толот.