«Туңгуч» кичи районунда жайгашкан көп кабатуу үйдөн 16 жаштагы кыз кулап кетти

17:55, 20 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарындагы «Туңгуч» кичи районунда жайгашкан көп кабатуу үйдөн 16 жаштагы кыз кулап кетти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жабырлануучу кызды балдар клиникалык ооруканасына жеткиришкен. Алдын ала алынган маалыматка ылайык, кыз 7-кабаттан кулаган.

ШИИБдан билдиришкендей, окуя болгон жерде милиция иштеп жатат.