21:28
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Бишкекте Алтынай Болот кызы изделүүдө

Бишкекте 19-февралда 2002-жылы туулган Алтынай Болот кызы дайынсыз жоголду. Бул тууралуу кыздын апасы Назгүл Тилекова билдирди.

Айтымында, Алтынай кечээ саат 12де телефон чалган. Андан кийин аны мектептен чыкканын көргөндөр бар. Ошол бойдон кыздан дайын жок.  

«Кызым Арча-Бешиктеги мектепте 10-класста окуйт. Биз Ленин РИИБга арыз жаздык», -деди апасы.

Алтынайдын өзгөчө белгилери: бою 168 см, чачы күрөң түстө, ийнинен ылдый түшүп турат, көздөрү күрөң. Ал кара түстөгү куртка, ак кофта, кара шым жана бутуна кара өтүк кийип жүргөн.

Изделип жаткан кыз тууралуу маалыматы болгондор төмөнкү дарекке билдирсе болот:

0709 334749.

Эң көп окулган жаңылыктар