Анын айтымында, жумушчу топ 2018-жылдын аягында түзүлгөн.
«Бул маселе боюнча алдын ала телефон аркылуу сүйлөшкөнбүз. Андан соң биринчи вице-премьердин катышуусу менен талкууланган», — Кадырбаев.
2017-жылдын 5-сентябрында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугуп, анда Камбар-Ата ГЭСин чогуу куруу боюнча кыргыз тараптын сунушун колдоого аларын жарыялаган.