884 киши Кыргызстандын жарандыгын алды

12:21, 20 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

884 киши Кыргызстандын жарандыгын алды. Тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Жарандык алгандардын ичинен 708и — чоң адамдар жана 176сы — балдар, алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.

Президенттин башка жарлыгы менен 709 адам, анын ичинен 558 — чоң адам жана 151 — бала Кыргызстандын жарандыгынан чыгарылды.