Балыкчы шаарында Каржы полициясынын имаратында өрт чыкты

11:39, 20 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

Балыкчы шаарында Каржы полициясынын имаратында өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, имараттын электр эсептегичи жана электр зымы күйгөн.

Өрттүн чыгышына электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу себеп болгон.