Бүгүн кызматтан бошотулган Нуран Ниязалиев ТИМге орун басар болду

14:03, 19 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

Тышкы иштер министринин орун басары болуп Кыргызстандын Катардагы мурдагы элчиси Нуран Ниязалиев дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Бүгүн 19-февралда Нуран Ниязалиев Кыргызстандын Катардагы элчилик кызматынан президенттин буйругу менен бошотулган.

Нуран Ниязалиев 44 жашта. Ал Катар мамлекетинде элчи болуп 2015-жылдан бери эмгектенген.