Кыргызстандын Катардагы элчиси Нуран Ниязалиев кызматынан бошотулду

10:01, 19 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын Катардагы элчиси Нуран Ниязалиев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирет.

Чечим элчи башка кызматка өтүп жатканы менен түшүндүрүлөт. Нуран Ниязалиев 2015-жылдын 8-декабрынан бери Катардагы дипломатиялык миссияны жетектеп келген. 

Фото

Нуран Ниязалиев коомчулук үчүн ачык иш алып барган жана инвестиция тартуу тармагында алгылыктуу иш жүргүзгөн элчилердин катарында. 

Айрым маалыматтарга караганда, ал ТИМдин орун басарлыгына келет.