Бүгүн Бишкекте бир нече бала бакча жана мектептер иштебейт

09:38, 19 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

«Бишкек суу канал» ишканасынын түтүк системасындагы оңдоо иштерине байланыштуу ордо кааладагы 15 мектеп, 27 бала бакча бүгүн иштебейт. Бул тууралуу Бишкек мэриясы маалымдайт.

Мэрия 19-февралда саат 09:00дөн түнкү 24:00гө чейин калаанын түштүк тарабындагы райондордо ысык жана муздак суу токтотуларын кабарлаган.

Ичүүчү суу № 3, 4 ,5, 6, 7, 8, 9, 10, 11, 12, Асанбай, Жал-15, 23, 29, 30, Юг-2, Көк-Жар, Улан-1, Улан-2 кичирайондорунда, Көк-Жар, Жогорку Көк-Жар, Арча-Бешик, Ынтымак, Бакаев, Киргизия-1, Киргизия-2, Ала-Арча, Браво, Ордо, Орто-Сай-2, Сары-Өзөн, Салкын-Төр массивдеринде, «Совмин» шаарчасында, Орто-Сай, Чоң-Арык жана Төмөнкү-Орок айылдарында токтойт.