Бишкекте унаа жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерде кызды сүзүп кетти

09:29, 19 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте унаа жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерде кызды сүзүп кетти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окурмандар билдиришти.

Жол кырсыгы Жибек Жолу жана Ала Арча көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. «Газель» жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерде кызды коюп кеткен. Жабырлануучуну «Тез жардам» кызматы алып кеткен.