09:23, 19 февраля 2019, Бишкек - 24.kg
Ырчы Омар Жанышев кыздуу болду.Бул тууралуу ал өзүнүн инстаграм баракчасына жазды.
Ырчынын жубайы Диана 13-февралда көз жарган.
«Өзгөчө сүйүктүү жарыма ыраазымын. Ыймандуу болуп чоңой кызым», — деп жазат ырчы.
Маалыматтарга караганда, наристенин салмагы 3 килограмм 560 грамм, бою 47 сантиметр болуп төрөлгөн. Бала жытына мас болуп турган үй-бүлө наристеге Арууке деген ысым ыйгарышкан.