«Мурас» тасмасына өзбекстандык актрисалар дагы тартылды

12:39, 18 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

«Мурас» тасмасына өзбекстандык актриса Шахзода Матчанова тартылды. Бул боюнча актриса өзүнүн инстаграм баракчасына жазган.

Шахзода Матчанова Бишкектеги күйөрмандары менен 18-апрелде тасманын ачылышында жолугууну убадалайт. Өзбек актрисасы Кыргызстанда буга чейин «Общяга» аттуу сериала катышкан.

«Мурас» тасмасын «Аят» киносунун режиссору Азамат Арыкбаев тартууда. Ал триллер жанрында.