Бишкекте стилист Асел Мамбеткалиева жол кырсыгына кабылды

11:07, 18 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкекте белгилүү стилист Асел Мамбеткалиева жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу анын курбусу Facebook баракчасында билдирди.

Асел Мамбеткалиева учурда Бишкектеги ортопедия жана травматология борборунда комада жатат. Даарыгерлердин айтымында, бир операция жасалды. Дагы бир операциянын азырынча зарылдыгы жок. Анын баш мээси чайкалып, кабыргасы сынып, боору айрылып кеткен.  Жакындары ага жардам топтоодо. Анын үч баласы бар.

Фото

Кырсыкка кабылган уунада Асел жүргүнчү ордунда болгон. Дүрмөктү сүзүп алган Лексусдун 34 жаштагы айдоочусу каза тапты.