Шоу-бизнес. Эки жылдыздуу топ тойго даярданууда

09:44, 18 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

Валентин күнүндө белгилүү ырчы Аваз Акимов Айдана Деканын колун сурады. Ал экөөнүн спорт сарайында өткөн концертинде сүйгөнүн макулдугун алып, колуна шакек салды. 
Фото
Түгөйлөр концертин андан ары Ош жана Баткен аймактарында улантууда. 
 
Өткөн жумада ырчы Максат Садырбеков менен Айсулуу Молдолиева дагы тойго камынууну башташты. Айсулуунун туулган күнүндө Максат колун сурап, 8 жылдан бери келе жаткан мамилесин үй-бүлө менен бекемдемей болушту. 
Фото
Айсулуу Молдолиева инстаграм баракчасында тойго ресторан караштырып жатканын кабарлаган.