Мурат Суталиновдун шишик оорусу ырасталды. Аны бошотуу суралууда

16:11, 15 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

УКМКнын мурдакы төрагасы Мурат Суталиновду мөөнөтүнөн мурда бошотуу сунушу сотко каралууда. Бул боюнча бүгүн жыйын өттү.

Сотто Мурат Суталиновдун 4-деңгээлдеги  бөйрөк шишиги менен ооруганын даарыгерлер ырастагандыгы айтылды. Анын жактоочусу ден-соолугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда бошотууну суранууда.

Белгилей кетсек, Мурат Суталинов 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуядан киийн 25 жылга эркинен ажыратылган.