Өкмөт экономикалык өсүүнү 2019-жылга 4 пайызга пландоодо

11:22, 15 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

2019-жылы экономикалык өсүү 4 пайызды түзөт. Бул боюнча өкмөттүн жыйынында айтылды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эл аралык институттар өлкөгө оң баасын берип жатканын билдирди.

«Дүйнөлүк банк 4 пайыз өсүү болорун айтууда. Бул көрсөткүчкө биз жетебиз. Андан тышкары, биз «Кумтөрдүн» экономикага таасирин азайтуу боюнча иш жүргүзө баштайбыз», — деди ал.