Аскарбек Шадиевди Кыргызстанга алып келүү үчүн АКШ менен келишим жок

14:08, 14 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

АКШ менен Кыргызстандын ортосунда кылмышкерлерди кайтарып алуу боюнча келишим жок. Бул боюнча Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште билдирди.

Анын айтымында, Америкада жүргөн мурдакы вице-премьер-министрди кайтарып алуу жолдору каралууда. 

Эскерте кетсек, Аскарбек Шадиев жемкорлук айыбы менен 10 жылга эркинен ажыратылган. Анын 1 миллиард сомдон ашык мүлкү мамлекеттик эсебинен өттү.