Мамлекеттик сатып алуу департаменттинин директору кызматтан алынды

09:42, 14 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

Мамлекеттик сатып алуу департаменттинин директору Улан Өзүмбеков кызматтан алынды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Мамлекеттик сатып алуулар тутумун реформалоо боюнча иш-чаралар планынын аткарылбагандыгы үчүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Улан Өзүмбековду кызматынан бошотуп, финансы министринин орун басары Алмазбек Азимовго эскертүү берди.

Финансы жана Экономика министрлигинин иши канааттандырарлык эместиги айтылды.