20:19
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Горбачев: АКШ «толук аскердик артыкчылыкка ээ болууга» аракет кылууда

АКШ менен Орусиянын Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча келишимден чыгышы — дүйнөдөгү абалдын туруксузданышына жана жаңы курал-жарак жарышына алып келет. Бул тууралуу СССРдин мурдагы президенти Михаил Горбачев «Ведомости» гезитиндеги өз колонкасына жазды.

Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча келишимге 1987-жылы ал кездеги СССРдин лидери Михаил Горбачев менен АКШнын ошол кездеги президенти Рональд Рейган кол койгон.

Горбачевдун пикиринде, Вашингтон келишимден Орусия аны бузуп жаткандыктан улам чыккан жок. «АКШнын келишимден чыгуу чечиминин артында америкалык лидер айтып жаткан себептер эмес, АКШнын куралдануудагы чектөөлөрдөн кутулуп, толук аскердик артыкчылыкка ээ болуу каалоосу турат», — деп жазды ал.

Быйыл 1-февралда АКШнын президенти Дональд Трамп Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча келишимден чыгуу жараяны башталганын билдирген. Ал буга Орусиянын «көптөн бери келишимди бузуп келгендиги» себеп болгон айткан. Өз кезегинде Орусия келишимди бузганын четке кагып, тескерисинче, келишим АКШ тараптан бузулуп жатканын билдирген.

2-февралда Москва аталган келишимге катышуусун убактылуу токтоткон. Анда президент Владимир Путин өлкөнүн Коргоо жана Тышкы иштер министрликтеринин башчыларынан куралсыздандыруу боюнча жаңы сүйлөшүүлөрдү демилгелебөөнү талап кылган.

Эң көп окулган жаңылыктар