17:24, 13 февраля 2019, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда кургак учук менен ооругандардын саны туруктуу. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, былтыр 7 миң 324 киши дарыланган. Алардын арасынан 5 миң 808и алгачкы жолу дартка чалдыккандар.
«Кургак учук менен жабыркагандардын саны боюнча алдыда Чүй облусу турат. Кийинки катарда Бишкек шаары бар. Бул миграцияга байланыштуу», -деп билдиришти министрликтен.