Жалал-Абад облусунда ушул жылдын январь айында 30 өрт кырсыгы катталды

16:28, 13 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

Жалал-Абад облусунда ушул жылдын январь айында 30 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.

Маалыматка караганда, былтыркы жылдын ушул айында 32 өрт кырсыгы катталган.

Быйыл келтирилген материалдык зыян 3 миллион 254 миң 334 сомду түздү. Өрттүн кесепетинен 3 тонна тоют жабыркаган. Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракеттеринен улам 11 атуул жана 7 миллион 83 миң сомдон ашуун материалдык баалуулуктар сакталып калынды.