Мирбек Атабеков Толгонай Арзыкеевага продюсер болду

14:40, 13 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

Ырчы Мирбек Атабеков Толгонай Арзыкеевага продюсер болду. Бул тууралуу Толгонай инстаграмда билдирди.

Ал алдыда чоң пландар бар экенин айтып, «быйылкы жылы буйруса өтө жемиштүү жылдардан болот», — деп жазган.

Фото

Толгонай Арзыкеева сүйлөшкөн жигити менен түшкөн сүрөтү менен дагы бөлүшкөн.

Ырчыга күйөрмандары бакыт каалап, жигити продюсери Мирбек Атабековдун кайыниниси экендигин да белгилеп өтүшкөн.