14:18
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

«Келечек» жаңы конушундагы өрттөн жапа чеккен үй-бүлөгө өкмөт жардам

«Келечек» жаңы конушундагы өрттөн жапа чеккен үй-бүлөгө өкмөт жардам. Бул тууралуу вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова № 3 балдар ооруканасында билдирди.

Ал ыстан ууланган балдардын абалынан кабар алды.

Алтынай Өмүрбекова өкмөт тараптан материалдык көмөк көрсөтүлүп, ошондой эле балдарга жөлөкпул бөлүнөрүн айтты.

Эскерте кетсек, кечээ «Келечек» жаңы конушундагы үйдөн өрт чыгып, үч баласы ооруканага түшкөн.

Үй-бүлөнүн буюм-тайымы бүт күйүп кеткен. Аларга жардам топтолууда. Калоочулар төмөнкү даректерге кайрылса болот: Карасаев-73, 0312 442574 , 0500691312, Эльсом: 0771454445.

Эң көп окулган жаңылыктар