10:13, 13 февраля 2019, Бишкек - 24.kg
«Коопсуз шаар» долбоору ишке кирди. Аны менен бирге айдоочулардын суроолору көбөйдү. Буга байланыштуу долбоордун алкагында айрым маалыматтарды сунуштайбыз.
Айып пул боюнча маалыматты «Кыргызпочтасы» ууна ээсинин катталган дарегине жеткирет.
Жол эрежеси, айып пул, аны төлөө мөнөөтү жана башка суроолорго жоопту «100» кыска номеринен ала аласыз. Андан сырткары, Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын расмий сайтынын«Коопсуз шаар» бөлүмүндө маалыматтар жарыяланып турат.
Жол кыймылынын бузууну «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында аппараттык-программалык комплекс аркылуу мониторинг борбору иштеп чыгат. Ал Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыкка карайт.
uslugi.gov.kg порталында «Жол эрежелерин бузууда салынган айыппулду текшерүү» кошумча барагы бар. Ага ИНН жана унаанын мамлекеттик номурун жазганда, толук маалымат чыгып калат.
Жибек Жолу — Жаш Гвардия Бульвары, Жибек Жолу — Фучик, Чүй — Фучик, Чүй — Бейшеналиева, Чүй — Жаш Гвардия Бульвары, Бөкөнбаев — Абдрахманов, Жибек Жолу — Абдрахманов, Чүй — Курманжан Датка, Москова — Абдрахманов, Горький — 7-Апрель.