15:33, 12 февраля 2019, Бишкек - 24.kg
Караколдо унаа базарынын жанынан 18 жаштагы жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу ОИИБдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, каза болгон бала жергиликтүү мектептин биринде 11-класста окучу.
«Адам өлүму тууралуу билдирүү милицияга бүгүн саат 8:23тө келип түштү. Сөөктө зомбулуктун белгиси аныкталды. Маркумдун жанында канга чыланган жыгач жатыптыр. Баланын ата-энеси 11-февралдан 12сине караган түнү үйдөн чыгып кеткен бойдон кайрылган эмес деп айтышты. Окуяга тиешеси барларга иликтөө башталды», -дешти ОИИБдан.