USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Караколдо унаа базарынын жанынан 18 жаштагы жарандын сөөгү табылды

15:33, 12 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

Караколдо унаа базарынын жанынан 18 жаштагы жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу ОИИБдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, каза болгон бала жергиликтүү мектептин биринде 11-класста окучу.

«Адам өлүму тууралуу билдирүү милицияга бүгүн саат 8:23тө келип түштү. Сөөктө зомбулуктун белгиси аныкталды. Маркумдун жанында канга чыланган жыгач жатыптыр. Баланын ата-энеси 11-февралдан 12сине караган түнү үйдөн чыгып кеткен бойдон кайрылган эмес деп айтышты. Окуяга тиешеси барларга иликтөө башталды», -дешти ОИИБдан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18