21:27
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Бишкекте жаңы конушта турак үй толугу менен өрттөндү. 3 жаш бала түтүнгө ууланды

Бишкектин Свердлов районундагы Келечек конушунда жайгашкан турак үй толугу менен өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен 3 жаш бала түтүнгө ууланды.

Алардын өздүгү такталып, 2015-жылы туулган Т.Н., 2016-жылы туулган Т.З. жана 2017-жылы туулган Т.А. экени белгилүү болгон.

Жабырлануучулар ооруканага жеткирилип, учурда абалы орто. Тиешелүү адистер өрттүн себебин тактап жатышат.

Эң көп окулган жаңылыктар