«Казинформ» агенттигинин маалыматына караганда, 25 киши нөөмөт шаарчасындагы кечки тамактан кийин «өздөрүн начар сезип», райондук ооруканага жеткирилишкен. «Биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин 21 киши амбулатордук дарыланууга жөнөтүлүп, төртөөсү ооруканага жаткырылды», — деп жазды агенттик облустук саламаттык сактоо башкармалыгынын маалыматына таянып.
Аймактык «Ак жайык» гезити уулануу 8-февралда болгонун билдирди. Дарыгерлер ооруканага жаткырылгандардын абалын туруктуу деп баалап жатышат. Учурда жапырт уулануунун себептерин аныктоо иштери жүрүүдө.
Тенгиз — мунайдын запасы боюнча Казакстанда Карачаганак кенинен кийинки экинчи орунда турат. Аны курамына Chevron, ExxonMobil Kazakhstan Ventures Inc, LUKArco жана улуттук «КазМунайГаз» компаниялары кирген «Тенгизшевройл» деп аталган биргелешкен ишкана иштетет.