12:24, 12 февраля 2019, Бишкек - 24.kg
Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Новопавловка айылында турак үйдө өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 150 чарчы метр турак үй толугу менен күйгөн.
Өрттүн кесепетинен 1992-жылы туулган жигиттин колу жана бети күйүп, ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер учурда абалы орто экенин билдиришти.
Өрткө жылытуучу мештин жана мордун туура эмес түзүлүшү себеп болгон.