Бурулай Турдалиеванын өлүмү боюнча иш шаардык сотто каралат

12:02, 12 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

Бурулай Турдалиеванын өлүмү боюнча кылмыш иши шаардык сотто каралат. Ага Марс Бөдөшөв Свердлов райондук сотунун чечимине нараазы болуп кайрылды. 

Эскерте кетсек, райондук сот Марс Бөдөшевди Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси («Ала качуу») жана 97-беренеси («Киши өлтүрүү») боюнча 20 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесип, үй-мүлкүн конфискациялоого өкүм чыгарган. 

Анын досу Акмат Сейитов Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренеси («Кылмыш кылууга көмөк көрсөтүү») боюнча 7 жылга эркинен ажыратылган. 

Бурулай Турдаалы кызы быйыл 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө өлтүрүлгөн. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө кызды бычактап, өзүнө да кол салганын билдирген.