Былтыр Кыргызстанга кирүү үчүн электрондук визаны 33 миң чет элдик жаран алган

11:55, 12 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

Былтыр Кыргызстанга кирүү үчүн электрондук визаны 33 миң чет элдик жаран алган. Бул тууралуу маалымат жыйында Миграция кызматынын паспорттук-виза бөлүмүнүн жетекчиси Бахтияр Шакиров билдирди.

Айтымында, электрондук визаны кыска мөөнөттүү иш сапар менен келгендер алышкан.

«Бул биздин инвестициялык активдүүлүгүбүздү аныктайт. Чет элдик жарандар ишке уруксат берилгенден кийин гана иштей алышат. Өткөн жылы ТИМ 552 эмгек визасын берген», -деди Бахтияр Шакиров.