«Коопсуз шаар» долбоору ишке кирди. Камера орнотулган көчөлөрдүн тизмеси

09:41, 12 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда «Коопсуз шаар» долбоору ишке кирди. Жол кыймылынын эрежелерин бузган айдоочуларга айыппулдар тууралуу билдирүү келип турат.

Азырынча камералар Бишкектин төмөнкү даректеринде орнотулду:

Жибек Жолу — Жаш Гвардия Бульвары,

Жибек Жолу — Фучик,

Чүй — Фучик,

Чүй — Бейшеналиева,

Чүй — Жаш Гвардия Бульвары,

Бөкөнбаев — Абдрахманов,

Жибек Жолу — Абдрахманов,

Чүй — Курманжан Датка,

Москова — Абдрахманов,

Горький — 7-Апрель.