Кыргызстандык 9 жөө күлүк Борбор Азиянын чемпионатына катышат

16:30, 11 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык тогуз жөө күлүк Иранда өтө турган жеңил атлетика боюнча Борбор Азиянын чемпионатына катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Маалыматка таянсак, чиш-чара 19-февралдан 23-февралга чейин жабык имаратта өтөт.

«Улуттук курама команданын мүчөлөрү Спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланат. Ага дирекциянын бюджетинен 434 миң сом каралган», -деп айтылат маалыматта.