Эл аралык террористтик уюмдун издөөдө жүргөн мүчөсү кармалды

15:52, 11 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

Эл аралык террористтик уюмдун издөөдө жүргөн мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, ушул жылдын 29-январында УКМК тарабынан терроризмге каршы күрөшүү боюнча эл аралык кызматташтыктын алкагында жүргүзүлгөн контртеррористтик иш-чаралардын негизинде, КР жараны М.Х. кармалды.

Ал эл аралык издөөдө жүргөн.

«Такталган маалыматтарга ылайык, шектүү 2015-жылы «джихад» идеологиясын көздөп, Сирияга кеткен. Эл аралык террористтик уюмдарга кошулуп, куралчан согуштарда Сириянын өкмөтүнө каршы күрөшкөн. Жыйынтыгында ал КМШ өлкөлөрүнүн бирине жиберилген», -деп жазылат маалыматта.