Бишкекте жол кырсыгынан журналист каза тапты

15:11, 11 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарындагы жол кырсыктын кесепетинен 28 жаштагы журналист Жайнагүл Тазабекова көз жумду. Ал акыркы жолу «Пирамида» телеканалында эмгектенип жүрүп, декреттик өргүүгө чыккан. Артында 1 жашка толо элек кызы жана үй-бүлөсү калды.

Маркум буга чейин телевидение, радио тармагында эмгектенген. Кесиптештеринин маалыматы боюнча, акыркы сапарга узатуу иш-чарасы эртең, 12-февралда Чүйдүн Аламүдүн районунда өтөт.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жол кырсык бүгүн, 11-февралга караган түнү болгон.