Ошто жол кырсыгынан 4 окуучу жабыркады

11:43, 11 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

Ошто жол кырсыгынан 4 окуучу жабыркады. Бул тууралуу Ош ОИИБдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Хонда Стрим унаасы менен маршрутка сүзүшкөн. Окуя бүгүн саат 8де катталды.

«Кырсык шаардагы Масалиев менен Кара-Суу көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Окуя болгон жерде тартип сакчылары иштеп жатат», -деп билдиришти ОИИБдан.