«Коопсуз шаар». Долбоордун биринчи этабына болгон даярдык аяктады

10:49, 11 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкек мэриясы «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабына болгон даярдыкты аяктады. Бишкек жашылдандыруу чарбасы жол чырактарды жана жол белгилерин жаап турган бак-дарактардын бутактарын кыркуу иштерин жүргүздү.

«Бишкекасфальтсервис керектүү жол белгилерин чийип, белгилерди орнотту. Эски жол чырактардын ордуна жаңылары орнотулуп, ички жарыктандыруу жакшыртылды. Тазалык ишканасы санитардык тазалыкты жөнгө салды», -деп билдиришти мэриядан.

Билдирүүгө ылайык, фото жана видеокамералар орнотулган аймактар атайын «Көзөмөл» деген жазуусу бар белги менен белгиленди. Камералар күнү-түнү иштеп баштайт.