10:05, 11 февраля 2019, Бишкек - 24.kg
Активисттер кыргызстандыктарды той өткөрүү үчүн насыя албоого чакырат. Алар Бишкектин жолдоруна «Тойго насыя алба!» деген жазууну жазышкан.
Активисттердин айтымында, жазууларды банктын кире бериш жерлерине жазышкан. Муну менен катар алар каржы мекемелеринин ишмердүүлүгүнө каршы эмес экендигин билдиришти.
«Эл биздин жазууну банкка кирип баратканда окусун дедик. Алар акчаны кантип туура иштетүүнү билбейт деп кооптонуп жатабыз. Акчаны ар кандай той өткөрүү үчүн алып жатышат! Ишкерлик үчүн эмес, үйлөнүү той үчүн алышат! Андан кийин карызга белчесинен батып калышат. Жаштар болсо насыяны жабуу үчүн чет жерге иштегини кетишет», -дешти активисттер.