09:47, 11 февраля 2019, Бишкек - 24.kg
24.kg агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.
Суроо: Исламда көзү өтүп кеткен кишинин «кыркын», «52 күндүгүн» өткөрүү каралганбы?
Ислам андай жөрөлгөлөрдү аткарууга каршы эмес. Бирок аны дин менен байланыштырбаш керек. Дин адамдарды тирүүсүндө баалап, өлгөндө дуба кылууга чакырат.