09:15, 11 февраля 2019, Бишкек - 24.kg
Эртең «Коопсуз шаар» долбоору ишке кирет.
12-февралдан баштап аппараттык-программалык комплекстер, мониторинг борбору, ошондой эле бузууларды каттоо ишке кирет.
«100» кыска номери боюнча тиешелүү маалыматты алуу үчүн бирдиктүү колл-борбор ишке киргизилет. Тийиштүү маалымдама маалыматтар Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине караштуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын расмий сайтынын «Коопсуз шаар» бөлүмүндө жеткиликтүү болот.