Бүгүн Бишкектин борбордук көчөлөрүндө газ берүү чектелет

09:11, 11 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Бишкектин борбордук көчөлөрүндө газ жок болот. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Оңдоо иштерине байланыштуу жаратылыш газы төмөнкү даректерде чектелет:

Ибраимов, Жибек-Жолу, Чүй проспектиси, Осмонкул, Москва; Уметалиев, пр. Чүй, Ибраимов, Токтогул; Уметалиев, Пушкин, Турусбеков, пр. Чүй; бул. Эркиндик, Токтогул, Тыныстанов, Москва; Уметалиев, Исанов, Ибраимов 108, Шопоков 119,123, пр. Чүй 151,153; Усенбаев 77, «Жыргал» мончосу; «Өчпөс от».