Жайыл районунда 26 жаштагы эркек адамдын сөөгү табылды

08:50, 11 февраля 2019, Бишкек - 24.kg

Чүй облусуна караштуу Жайыл районунда 26 жаштагы эркек адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Эриктүү айылынын жанындагы каналдын ичинен эркек адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат «102» кызматынан келип түшкөн. Маркумдун денесинен эч кандай уруп-сабоонун белгилери табылган эмес.

Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, маркум тоңуп каза болгон. Учурда тергөө иштери уланууда.